“Нур жалпы билим берүү орто мектебинин” 2024-2025-окуу жылындагы Жаны жыл майрамына карата даярдык, Жол эрежесин сактоо, майда кылмыштуулуктун алдын алуу,техника башкаруунун жолдору жана эрежелерин талкуулоо үчүн ата-энелер, ЖЖЭИ жана мугалимдердин биргелешип өткөргөн чогулушунун Протоколу 11-декабрь.2024-жыл. Нур ЖББОМ Катышты: 30 ата-эне Каралуучу маселе: 1. Жаны жыл майрамына карата даярдык, коопсуздук эрежелерин сактоо. 2. Жол эрежесин сактоо, тайгакта сак болуу, техниканы башкаруу жолдору. 3. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. УГУЛДУ: Биринчи маселе боюнча Нур ЖББ орто мектебинин соцпедагогу Абитова Э.М. сөз сүйлөп, ата-энелерге чогулуштун максатын түшүндүрүп кетти. -Урматтуу ата-энелер чогулуштун негизги максаты балдарыбыздын коопсуздугун сактоо боюнча, өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын-алуу үчүн чогулуп жатабыз. Баарыбызга белгилүү болгондой жакында жаңы жылдык балаты майрамы болот. Майрам күндөрү балдардын өмүрүн жана коопсуздугун биргеликте көзөмөлгө алып, иш-чараларды тынч өткөрүп алалы. Азыркы сөздү мектептин ЖЖЭИи Абдразаков У.А. берсек. Экинчи маселе боюнча Абдразаков У.А. сөз сүйлөп төмөнкүлөрдү айтты. Саламатсыздарбы ата-энелер, мектеп окуучулары менен майда кылмыштуулук( уурулук, тоноо, вандализм),суицид, транспорт айдоонун эрежелери боюнча айта кетсек. Айрыкча алдыда боло турган жаны жылга карата жардыруучу заттарды (питарда,салют) орунсуз колдонууга катуу тыюу салынгандыгы эскертебиз. Бул маселеге өтө басым жасап суицид, майда кылмыштуулук, документсиз унаа башкаруу ж.б. укук бузууларды алдын-алып сак бололу. Мектепке унаа айдап келуугө тыюу салынат. Документи жок унаа башкарууда кырсыкка учураса баланын ден соолугу жана өмүрү үчун ата-эне жооптуу болот. Үчүнчү маселе боюнча мектеп директору Тенизбаева Э.С. сөз сүйлөп. Мектеп балдары кошулуп жасалган техникалык кырсыктар боюнча видеороликтер көрсөтүлду. Ата-энелердин ойлору угулду. Талкуу журду. Жашы жете элек өспүрүмдөрдү жумушка чегербөө башкача айтканда кафелерде,машина жуучу жайларда иштөөгө уруксат жок жагы катуу эскертилди. Ар бир окуучунун коопсуздук эрежелерин бузбоо үчүн кол тамгасы алынды жана ээнбаштыкка барган учурда ата-энеси менен бала өзү жоопкерчиликти тарта турганы эскекртилди. Ата-энелер да жарыш сөзгө чыгышып: кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында тынымсыз иштер жүргүзүлөөрүн,ата-энелер сабактан кийинки балдардын бош убактысын дайыма көзөмөлгө алып турарын билдиришти. Ата-энелер чогулушу жогорудагы маселени карап чыгып,төмөнкудөй чечим чыгарды: Токтом. 1. Жаны жылга карата өткөрүлүүчү оюн-зоок программасында жардыруучу заттарды мектепке алып келбөө ар бир окуучуга катуу эскертилсин. 2. Айыл ичинде унаа башкаруу, мектепке желмаян, велосипед айдап келүүгө тыюу салынсын. 3. Майда кылмыштуулукка барбоо,коопсуздук эрежелерин сактоо ар бир окуучуга милдеттендирилсин. Бардык күчтөр үзгүлтүксүз, биргеликте дайыма иш алып барууну улантышсын.
Комментарии