Чынгыз Айтматов — 95 жашта! Окуучуларга улуу,залкар жазуучубуздун кыргыз элинин маданияттын, руханий байлыгын байытууга кошкон салымын түшүндүрүү, улуу адамдардын эмгегин баалоого тарбиялоонун негизинде төмөнкүдөй иш-чаралар өтүлдү. Мектептеги “Манас” уюмунун жетектөөсү менен 5-11 класстар арасында дубал газеталар чыгарылды.Ч.Айтматовдун өмүр жолун,чыгармачылыктарын чагылдырган бурч уюшулду,буклет реферат жасалды. Ал эми12-декабарь туулган күнүнө карата салтанаттуу линейканы кыргыз тили мугалими Бирназарова М.Б. уюштуруп, окуучулар залкар жазуучуну даңазалаган көркөм ырларды айтышты,өмүр жолу,чыгармачылыгы тууралуу слайд көрүштү жана «Каармандар сүйлөйт»аттуу Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча кыскача сценкалар музыканын коштоосу менен көрсөтүлдү. Чет тили мугалими С. М.Дуйшоналиева «Ч.Айтматов дүйнөсү» деген темада 8 -класстын окуучуларына сабак өтүп берди.Ачык сабак кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар коштолуп, окуучулар кызыгуу менен катышышты.
Комментарии