«21-феврль-Эл аралык эне тил күнү!-2024» “21-февраль-Эл аралык эне тили күнүнө” карата “НУР ЖББОМде” 12.02.2024-жылы тарбия завучу тарабынан иш-чаранын планы түзүлгөндүгүн билдиребиз. 13.02.2024-жылы 5-11-класстын окуучулары класс жетекчилер менен бирдикте “Эне тил күнүнө” карата дубал газеталарды чыгарышты. Ал эми 2,3,4-класстын окуучуларына сүрөт мугалими Узюрова Ж.И. конкурс жарыялады. 15.02.2024-жылы 9-10-11-класстын окуучулары “Өлкөнүн бардык жарандарынын улуттук баалуулуктарын урматтайлы!”- деген темада дилбаяндарды жазышып, линейкада айрымдары окулуп, окуучулар дилбаяндын мазмуну менен таанышышты. Ал эми башка класстын окуучулары эне тил тууралуу реферат, буклет даярдашты. 16-февралда “Эне тил болбосо улут жоголот!»-деген темада 5-класстын класс жетекчиси Бирназарова М.Б. 5-сабакта ачык тарбиялык саат өткөрдү. Ачык сабак жакшы даярдык менен балдарга жеткиликтүү жана тушунуктүү болду. Сабак кызыктуу жана мазмундуу өтүп, окуучуларга эне тилинин тарыхы жана анын өсүп-өнүгүү жолу тууралуу маалыматтарды хронология аркылуу түшүндүрүп берди. Сабакта макалдар, ырлар айтылып, окуучулар эне тил тууралуу өз ойлорун суроолорго жооп берүү аркылуу билдиришти. Ал эми 2-класстан 11-класска чейин 13-.02.2024-ж. Баштап “Эне тил күнүнө карата” тарбиялык сааттар өтүлгөндүгүн маалымдайбыз. Эне тил майрамына карата майрамдык кече 21.02.2024-жылы мектепте уюштурулду. 2-класс -өзбек, 3-класс -казак, 4класс-кыргыз,5-класс-татар,6-класс – испан, 7-класс-индия,8-класс-француз,9-класс-турк,10-11-класс- араб, улутунун тарыхын, бийин, ырын, улуттук тамак-аштарын көрсөтүштү. Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөргө грамоталар ыйгарылды. Кече төмөнкүдөй даярдыктын негизинде өткөрүлдү: 1. Дубал газетаны коргоо 2. Ырларын жатка айтуу жана обондуу ырын ырдоо 3. Улуттук бий 4. Улуттук тамак-аштар Мына ушундай иш-чаралар Эне тили күнүнө карата түзүлүп, ишке ашырылгандыгын маалымдайбыз.
Комментарии