«12-декабрь — Айтматов күнү» 12-декабрь- адабият күнү жана Чынгыз Айматовдун туулган күнүнө карата окуучуларга улуу, залкар жазуучубуздун кыргыз элинин маданияттын, руханий байлыгын байытууга кошкон салымын түшүндүрүү, улуу адамдардын эмгегин баалоого тарбиялоонун негизинде төмөнкүдөй иш-чаралар өтүлдү. Мектептеги “Манас” уюмунун жетектөөсү менен 5-11 класстар арасында дубал газеталар чыгарылды. Ч.Айтматовдун өмүр жолун,чыгармачылыктарын чагылдырган бурч уюшулду, буклет реферат жасалды. Ал эми 12-декабарь туулган күнүнө карата салтанаттуу линейканы орус тили мугалими Осконбаева Н.А. уюштуруп, окуучулар залкар жазуучуну даңазалаган көркөм ырларды айтышты, өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу слайд көрүштү жана «Каармандар сүйлөйт» аттуу Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча кыскача сценкалар музыканын коштоосу менен көрсөтүлдү. Класс жетекчилер ар бир класска “Улуу жазуучу Ч.Айтматов” жөнүндө класстык сааттарды өтүштү. Мына ушундай иш-чаралар жазуучунун мааракесине арналып өтулдү.
Комментарии