«Нур жалпы билим берүү орто мектебиндеги”2024-2025-окуу жылында 1-сентябрь — Билим күнүнө карата саат 9-00дө салтанаттуу иш-чара уюштурулганын билдиребиз. Бул күнү саат 09.00.до Билим күнүнө арналган «Саламатсыңбы, мектебим!» деген темада даярдалган салтанаттуу кече менен ачылды. Линейкага ата-энелер, айыл аксакалдары, Кемин РЭСКБбашсысы-Э.Д.Исмаилова, Кемин шаардык депутаты- Кемелова К.Ж.,ардагер мугалимибиз- Тарасова Л.А., ата-энелер комитети мейман болуп катышып, аларга сөз берилди. Мектеп директорунун орун басары Осконбаева Н.А. жыл жыйынтыгы менен тааныштырып, жаңы окуу жылына ийгиликтерди каалады. Окуучулар ырларды жатка айтышып, келген меймандарга жана мектеп босогосун жаны аттаган бөбөктөргө бий тартууланды. Бардык окуучуларга биринчи коңгуроо кагылды. 1-11-класстын окуучуларына алгачкы ачык тарбиялык сабактар өткөрүлдү. Ачык сабактардын өтүлүшүнө токтоло кетсек: бардык класс жетекчилер ачык сабагын жогорку денгээлде, балдарга түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылып өтүп беришти. Ата-энелер, мектеп администрациясы сабактарга катышып, өз ойлорун билдирип, окуучуларга ийгиликтерди каалашты. Салтанаттуу линейка саат 09.45те дө аяктады, ал эми ачык тарбиялык сааттар 09.45те башталып 10.35те соңуна чыкты. Окуучулар жакшы маанайда үйлөрүнө тарашкандыгын маалымдайбыз.
Комментарии