Средняя общеобразовательная школа "Нур"
Кеминский район
Меню
Школа
О нас
Сотрудники
Учебно-воспитательная работа
Методическая служба
Гордимся
Информационно-библиотечная служба
Социально-психологическая служба
Новости
Ученикам
Школьный парламент
Расписание
Кружки и секции
Полезная информация
Родителям
Информация для родителей
Внутренний распорядок
Школьная форма
О приеме в школу
Общественное объединение / фонды
Попечительский совет
Галерея
Контакты
Учебно-воспитательная работа
Нормативные документы
Аккредитация (Программная, Институциональная)
Институциональная аккредитация (Доказательная база пункт 4.3.)
Кружки и секции
Новости
«Ата-энелер мектеби-2024» Нур ЖББОМде ай сайын, түзүлгөн пландын негизинде «Энелер мектеби» боюнча сабактар өтүлүүдө.
18.12.2024
8
“Нур жалпы билим берүү орто мектебинин” 2024-2025-окуу жылындагы Жаны жыл майрамына карата даярдык, Жол эрежесин сактоо, майда кылмыштуулуктун алдын алуу,техника башкаруунун жолдору жана эрежелерин талкуулоо үчүн ата-энелер, ЖЖЭИ жана мугалимдердин биргелешип өткөргөн чогулушунун Протоколу 11-декабрь.2024-жыл. Нур ЖББОМ Катышты: 30 ата-эне Каралуучу маселе: 1. Жаны жыл майрамына карата даярдык, коопсуздук эрежелерин сактоо. 2. Жол эрежесин сактоо, тайгакта сак болуу, техниканы башкаруу жолдору. 3. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. УГУЛДУ: Биринчи маселе боюнча Нур ЖББ орто мектебинин соцпедагогу Абитова Э.М. сөз сүйлөп, ата-энелерге чогулуштун максатын түшүндүрүп кетти. -Урматтуу ата-энелер чогулуштун негизги максаты балдарыбыздын коопсуздугун сактоо боюнча, өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын-алуу үчүн чогулуп жатабыз. Баарыбызга белгилүү болгондой жакында жаңы жылдык балаты майрамы болот. Майрам күндөрү балдардын өмүрүн жана коопсуздугун биргеликте көзөмөлгө алып, иш-чараларды тынч өткөрүп алалы. Азыркы сөздү мектептин ЖЖЭИи Абдразаков У.А. берсек. Экинчи маселе боюнча Абдразаков У.А. сөз сүйлөп төмөнкүлөрдү айтты. Саламатсыздарбы ата-энелер, мектеп окуучулары менен майда кылмыштуулук( уурулук, тоноо, вандализм),суицид, транспорт айдоонун эрежелери боюнча айта кетсек. Айрыкча алдыда боло турган жаны жылга карата жардыруучу заттарды (питарда,салют) орунсуз колдонууга катуу тыюу салынгандыгы эскертебиз. Бул маселеге өтө басым жасап суицид, майда кылмыштуулук, документсиз унаа башкаруу ж.б. укук бузууларды алдын-алып сак бололу. Мектепке унаа айдап келуугө тыюу салынат. Документи жок унаа башкарууда кырсыкка учураса баланын ден соолугу жана өмүрү үчун ата-эне жооптуу болот. Үчүнчү маселе боюнча мектеп директору Тенизбаева Э.С. сөз сүйлөп. Мектеп балдары кошулуп жасалган техникалык кырсыктар боюнча видеороликтер көрсөтүлду. Ата-энелердин ойлору угулду. Талкуу журду. Жашы жете элек өспүрүмдөрдү жумушка чегербөө башкача айтканда кафелерде,машина жуучу жайларда иштөөгө уруксат жок жагы катуу эскертилди. Ар бир окуучунун коопсуздук эрежелерин бузбоо үчүн кол тамгасы алынды жана ээнбаштыкка барган учурда ата-энеси менен бала өзү жоопкерчиликти тарта турганы эскекртилди. Ата-энелер да жарыш сөзгө чыгышып: кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында тынымсыз иштер жүргүзүлөөрүн,ата-энелер сабактан кийинки балдардын бош убактысын дайыма көзөмөлгө алып турарын билдиришти. Ата-энелер чогулушу жогорудагы маселени карап чыгып,төмөнкудөй чечим чыгарды: Токтом. 1. Жаны жылга карата өткөрүлүүчү оюн-зоок программасында жардыруучу заттарды мектепке алып келбөө ар бир окуучуга катуу эскертилсин. 2. Айыл ичинде унаа башкаруу, мектепке желмаян, велосипед айдап келүүгө тыюу салынсын. 3. Майда кылмыштуулукка барбоо,коопсуздук эрежелерин сактоо ар бир окуучуга милдеттендирилсин. Бардык күчтөр үзгүлтүксүз, биргеликте дайыма иш алып барууну улантышсын.
18.12.2024
14
«Биз коррупцияга каршыбыз!» акциясы-2024-жыл.2-декабрдан 6-декабрга чейин НурЖББОМнин окуучулары “Биз коррупцияга каршыбыз!” деген темада сынакка катышты. Окуучулар арасында дубал газета жана видеоролик сынагы жарыяланып, 7-8- класстын окуучулары дубал газеталарды чыгарышты. 10-11-класстын окуучулары видеоролик тартышты. Алардын ичинен 8-класстын окуучусу Аскарбекова Рахиманын дубал газетасы районго жөнөтүлдү. Ал эми 10-класстын окуучулары видеоролик даядашып, районго жөнөтүлдү.
[video width="352" height="640" mp4="https://nur.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/245/2024/12/document_5370761826604700345-1.mp4"][/video]
18.12.2024
12
10-декабрь күнү “Ачуу- душман, акыл -дос!” аталышындагы иш-чара Нур ЖББОМде өтүлдү. Иш-чара Кемин райондук БББнүн буйругунун негизинде “16 күндүк аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөшүү компаниясын” жыйынтыктоого арналды. Бул күнү райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кермакунова М.А., ИДН Абдразаков У.А. жана райондун соцпедагогдору иш-чаранын мейманы болушту. Нур ЖБББОМнин соцпедагогу Абитова Э.М. “Манас” жана “Семетей” уюмунун окуучулары менен биргеликте “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!” деген темада чакан иш-чара тартуулашты. Алгач соцпедагог “Ачуу-душман,акыл-дос” деген темада доклад окуп, макалдын маанисин, иш-чаранын максатын түшүндүрүп берди. Ал эми 9-класстын окуучулары макалдын негизинде сценка көргөзүштү жана “Күчтөрдү бириктирели” аталышындагы флешмоб бийлешти. Иш-чараны меймандарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында “Улуу көч” бийи менен жыйынтыктадык.
[video width="1080" height="1080" mp4="https://nur.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/245/2024/12/document_5393371213055680327.mp4"][/video]
17.12.2024
12
«12-декабрь — Айтматов күнү» 12-декабрь- адабият күнү жана Чынгыз Айматовдун туулган күнүнө карата окуучуларга улуу, залкар жазуучубуздун кыргыз элинин маданияттын, руханий байлыгын байытууга кошкон салымын түшүндүрүү, улуу адамдардын эмгегин баалоого тарбиялоонун негизинде төмөнкүдөй иш-чаралар өтүлдү. Мектептеги “Манас” уюмунун жетектөөсү менен 5-11 класстар арасында дубал газеталар чыгарылды. Ч.Айтматовдун өмүр жолун,чыгармачылыктарын чагылдырган бурч уюшулду, буклет реферат жасалды. Ал эми 12-декабарь туулган күнүнө карата салтанаттуу линейканы орус тили мугалими Осконбаева Н.А. уюштуруп, окуучулар залкар жазуучуну даңазалаган көркөм ырларды айтышты, өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу слайд көрүштү жана «Каармандар сүйлөйт» аттуу Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча кыскача сценкалар музыканын коштоосу менен көрсөтүлдү. Класс жетекчилер ар бир класска “Улуу жазуучу Ч.Айтматов” жөнүндө класстык сааттарды өтүштү. Мына ушундай иш-чаралар жазуучунун мааракесине арналып өтулдү.
[video width="288" height="640" mp4="https://nur.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/245/2024/12/document_5406628892335170902.mp4"][/video]
17.12.2024
12
1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү.1-декабрь күнү “Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата мектеп ичинде иш-чара уюштурулду. 8-9-10-11-класстын окуучуларына математика мугалими Асаналиева Г.А. ВИЧ/СПИДди алдын-алуу жана наркотикалык заттардын зыяндуулугу тууралуу видеотасма көрсөтүп, 7-8-класстын окуучулары кыскача сценка, видеоролик көрсөтүштү. Класс жетекчилер тарабынан 7-11-класстар арасында дубал газеталар чыгарылып, “СПИД” деген темада жат жазуулар жазылды. Уюм мүчөлөрү окуучулардын өздүк гигиенасын текшеришти. Класстык сааттар өтүлдү.
17.12.2024
5
«Манас жумалыгы» 4-декабрда “Манас жумалыгы” жыйынтыкталды. Жумалыктын алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү: мектеп ичинде бурч уюштурулду, класс жетекчилер 1-11-класстын окуучуларына “Манас” эпосу жөнүндө класстык сааттар өтүштү, сүрөт мугалими Жумагул к.Сайкал 2-7-класстар арасында сүрөт сынагын уюштурду, кыргыз тили мугалими Бирназарова М.Б. 5-9-клаастын окуучуларына “Манас айтуу” сынагын уюштурду,9-10-11-класстын окуучулары “Манас эпосу-кыргыз элинин тарыхы” деген темада дил баяндарды жазышты,8-класстын класс жетекчиси Абитова Э.М. “Манас баатыр” деген темада ачык тарбиялык саат өттү, 4-декабрь күнү хор менен Манас айтуу, Манастын төрөлүшүн сахналаштыруу аркылуу иш-чара жыйынтыкталды.
[video width="640" height="368" mp4="https://nur.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/245/2024/12/document_5370761826604700349.mp4"][/video]
17.12.2024
9
ИДН кызматкелери менен окуучулар ортосундагы «Биз кылмыштуулуука каршыбыз» атындагы акция учурундагы аңгемелешүү.2024-2025-окуу жылы.
[video width="360" height="640" mp4="https://nur.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/245/2024/10/document_5260488627179247657.mp4"][/video]
29.10.2024
14
МАИ кызматкерлери жана окуучулар.Аңгемелешүү учуру.
29.10.2024
13
Золотая осень-2024!
29.10.2024
17
1-октябрь-Карылар күнүнө карата Нур ЖББОМде иш-чара уюштурулду.Айыл карыларына коллективдин атынан белектер таркатылды.
29.10.2024
17
5-октябрь-мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди.
29.10.2024
13
1 / 9
1
2
3
4
5
...
›
»